Жарыяланган: 18 August 2023
«Кумтөр Голд Компани» экологиялык жана туруктуу өнүгүү маселелерине ар дайым эң чоң артыкчылык менен көңүл бөлүп келет.
Буга байланыштуу өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен компания Токмок шаарында (Чүй облусу) оор жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн, анын ичинде авиациялык жана башка типтеги жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин автомашиналардын шиналарын оңдоого багытталган заманбап кайра иштетүүчү заводду куруу долбоорун демилгеледи.
Учурда долбоор жабдууларды текшерүү режиминде иштеп жатат. Бардык тестирлөө процесстери аяктап, керектүү уруксаттарды алынгандан кийин, ал толук ишке киргизилет. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Германия жана Россиядан келген заманбап техникалар колдонулат. Жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү процесси тетиктерди – резина, металл элементтерди жана текстиль буюмдарын бөлүп алууну камтып, алар тиешелүү түрдө иштетилет. Алынган материалдар өнөр жай процесстеринде жаңы буюмдарды чыгаруу үчүн кайра колдонулат.
Бул долбоордун эң негизги максаты, калдыктар полигондорунда ташылган таштандылардын көлөмүн жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу. Мындан тышкары, жүк ташуучу унаалардын эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү дөңгөлөктөрдү жаңылоодо компаниянын ресурстарын 30-40%га чейин үнөмдөөгө шарт түзөт.
Кумтөр ишканасында долбоор боюнча мындай деп баса белгилешти: «Биз жаратылышты коргойбуз жана жогору баалайбыз, аны келечек муундар үчүн сактап калышыбыз керек. Жүк ташуучу унаалардын эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү долбоору ишке кирүүсү бул багыттагы абдан маанилүү кадам».
Токмоктогу кайра иштетүүчү ишкана жаңы жумуш орундарды камсыз кылуу менен гана чектелбестен, өлкөдөгү экологиялык жактан жоопкерчиликтүү тармакты өнүктүрүүнүн пайдубалына айланат. «Кумтөр Голд Компани» бул долбоорду тоо-кен өнөр жайындагы калдыктарды кайра иштетүүнүн жана аларды жөнгө салуунун ийгиликтүү үлгүсү кылып, жерди сактоого салым кошууга умтулат.