КӨЗӨӨ-ЖАРДЫРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР (КУМТӨР КЕНИНДЕ)
Жарыяланган: 27 August 2021
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Көзөө-жардыруу иштери боюнча инженер (Кумтөр кенинде)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0145
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Берилген участокто долбоорлонгон жардыруу блокторунун параметрлерин аныктоо;
- Көзөө жана жардыруу иштеринин жүрүүсүн көзөмөлдөө: жардыргыч заттарды заряддоо, скважиналардын үстүн толтуруу, майдалоо, жардыргычтардын сапатын камсыз кылуу жана жеткирүү;
- Көзөө-жардыруу блокторунун долбоорлорун түзүү жана паспортторун тариздөө;
- Блоктордо боштуктардын жоктугун текшерүү;
- Көзөлгөн жана заряддалган скважиналар үчүн жардырылган блоктордун көлөмүн эсептөө;
- Жардыруу блоктору үчүн монтаждоо схемасын даярдоо;
- Массалык жарылуу болгон жерден адамдар жана жабдуулар үчүн коопсуз аралыктын радиусун күн сайын эсептөө;
- Күн сайын маалымат базасын жаңылоо;
- Көзөө жана жардыруучу материалдарды керектөө боюнча ай сайын отчет түзүү;
- БВР бөлүмүнүн жумалык планын өз убагында иштеп чыгуу жана түзүү;
- Көзөө жана жардыруу иштеринин сапатын жакшыртуу жана чыгымдарды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Көзөө жана жардыруу иштеринин жыйынтыктарын талдоо жана стандарттык иштетүү процедураларынын зарыл болгон жаңыртылышын камсыз кылуу;
- Массалык жарылуу тартибин текшерүү;
- Үзгүлтүксүз инспекцияларды жүргүзүү жана көзөө-жардыруу иштеринин туура аткарылышкандыгы жөнүндө акты түзүү;
- Жарылуудан кийин жардыруу блокторун текшерип талдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Көзөө-жардыруу иштери боюнча инженер кийинки билимдерге ээ болуу керек:
– жер казынасын жана айлана-чөйрөнү геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана башка нормативдик укуктук актыларды билүү;
– пайдалуу кендерди ачык ыкма менен иштетүүдөгү коопсуздук эрежелерин билүү;
– жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин билүү;
– иш нускамаларын жана көзөө-жардыруу иштеринин өндүрүш тартибин билүү;
– көзөө-жардыруу иштериндеги коопсуздук талаптарын билүү;
– көзөө-жардыруу иштерин жүргүзүүнүн принциптерин, ыкмаларын, эрежелерин жана шарттарын билүү;
-жарылуучу материалдардын түрлөрүн жана мүнөздөмөлөрүн, аларды колдонуу, ташуу, эсепке алуу жана сактоо эрежелерин билүү;
– жарылбай калган скважиналарды жоюу боюнча нускаманы билүү;
– көзөө-жардыруу иштеринин экономикасынын негиздери;
– жогорку жана башка органдардын чечимдерин, буйруктарын, башка башкаруу жана нормативдик документтерин билүү;
– кыска жана узак мөөнөттүү мезгилде жарылуучу заттарды жана жардыруу каражаттарын сарптоонун ченемдерин билүү;
– эмгек мыйзамдары;
– өрттөн коргоо эрежелери;
– эмгекти коргоо боюнча эрежелер.
- Көзөө жана жардыруу иштери жаатындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага ээ болгон адистер жактырылат.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
- Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.
Анкета жана резюмени 2021ж. 12 сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0145 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.