CТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 27 October 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Cтратегиялык өнүктүрүү жана операциялык мониторинг бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Өнөр жай жана жарандык курулуш” (артыкчылык берилет), “тоо-кен өндүрүшү”, “Энергетика” багыттарынын бири боюнча жогорку билим;
- AutoCAD и MS Office программаларын билүү;
- Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
- Сапаттары: демилгелүүлүк, эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштей билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болот.
Милдеттери:
- Курулуш объекттерин техникалык көзөмөлдөө жана курулушта уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча бөлүмдүн ишине көмөк көрсөтүү;
- Долбоор боюнча инженерлердин иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
- Долбоорлорду ишке ашырууда долбоордук документ жүгүртүүгө көмөк көрсөтүү, документтерди сканерлөө, долбоордук документтердин бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- Архивди системалаштырууга жана бөлүмдүн документтерин архивдөөгө көмөк көрсөтүү;
- Шаар куруу жана архитектура жаатындагы, тоо-кен өндүрүшү, металлургия жана калдык чарба тармагында ченемдик укуктук базаны сактоо боюнча иш ыкмалары изилдөө жана түшүнүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш.
- Жумуш графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 09-ноябрында саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.