ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Коомдук тамактануу бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Кулинардык билим;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу; 

Милдеттер: 

  • Ар түрдүү тамактар үчүн камылгалар менен жарым фабрикаттарды даярдоо;
  • Тазалоо, жашылча-жемиштерди кесүү, ашпозчуларга тамак жасоодо жардам берүү;
  • Ашкана жабдууларынын жана идиштеринин тазалыгын сактоо;
  • Конвейер идиш жуугуч менен иштөө (фарфор жана айнек идиштерди алуу жана жайгаштыруу);
  • Шеф-ашпозчунун же тамак-аш менен камсыздоо координаторунун тапшырмаларын аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.