Видео

Видео

28.10.2013 Кумтөр. Карапайым калктын ою

“Кумтөр” кайсы бийлик келбесин, күндүн темасына айланганы айланган. Кенге байланышкан иштерди жамынып, массалык маалымат булактары аркылуу өз ойлорун таратып, бири папке бөлүштүрүүгө аракет кылса, дагы бири саясий упай топтоону көздөп келет. Ал эми көпчүлүккө үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жок карапайым калктын оюн билүү үчүүн бул ирет “Кумтөр” ишканасынын жумушчуларына жолугуп, алар менен баарлашып кайттык. КЕНДЕГИ КАТАРДАГЫ ЖУМУШЧУЛАРДЫН ЖАШООСУ ЖАНА АЛАРДЫН «КУМТӨР» ТУУРАЛУУ ОЙЛОРУ Алгачкы кадамыбызды оор техникаларды оңдоочу устаканадан баштадык. Бул бөлүм эң көп улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчулар жамааты экенин андагы жумушчулар сыймыктануу менен белгилешти. Мында кыргыз, орус, калмак, уйгурдан тартып канадалык, филиппиндиктер да эмгектенишет экен. Алардын бири, бөлүмдө ширетүүчү болуп иштеген АЛЕКСАНДР ЗУБКОВДУ кепке тартып, орусча узатылган суроолорубузга кыргызча жооп алдык: – Өзүм Жети-Өгүздө төрөлүп-өскөм. Кыргызчаны ошол айылдык кыргыз балдардан үйрөнүп алгам. Жашап жаткан мамлекетиңдин тилин билбесең уят да. Ал эми бул жакта 15 жылдан бери иштеп, 3 уул, 1 кызымды багып келатам. Аялымдын көзү өтүп кеткен. Балдарымдын улуусу 26да, эң кичүүсү 13тө. Бирөө жогорку окуу жайын бүтүрдү, бирөө студент, ал эми экөө мектепте окушат. Бир уулум программист кесибине окууда. Экинчиси электр техникалык адистигине ээ болуп, жумуш жок болгондуктан, үйдө кичүү бир туугандарын карап отурат. Андыктан «ишкананы жабуу керек» дегендерге кошулбайм. Тескерисинче, мындай ири кен чыгаруучу ишканадан дагы экөө болгондо […]