Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

24.01.2012 Айылды өнүктүрүү үчүн жаңы идеялар

2012-жылдын 21-январында Кыргыз Улуттук университетинде аталган окуу жайдын 80 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык «Даанышман» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун (ЭБПИИ) студенттик илимий жамааты тарабынан уюштурулган. Оюндун максаты студенттердин экономикалык чөйрөдөгү билимин жогорулатуу жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болчу. Ал эле эмес, болочок экономисттер минималдуу чыгымдар менен туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн стандарттуу эмес чечимдерди издөөдө өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө тийиш эле. «Кумтөр Оперейтинг Компани» колдоого алган оюндун жүрүшүндө катышуучуларга төмөндөгүдөй кырдаалдык маселе коюлду: «Кумтөр Оперейтинг Компани» өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн региондо жүзөгө ашыруу үчүн долбоорлордун идеяларын сунуш кылуу. Оюнга төрт команда катышты: – Борбордук Азиядагы Америка Университетинин – «BA110» – Кыргыз-Россиялык Славян университетинин – «Домино» – Менеджмент жана дизайн университетинин – «УМД» – ЭБПИИнин Кыргыз-европа факультетинин – «КЕФ Альянс» командалары. Жеңүүчү катарында өрүк өстүрүү үчүн жагымдуу зонада, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоорун көрсөткөн «КЕФ Альянс» командасы таанылды. Өлкөдөгү энергетика секторунун проблемаларынын актуалдуулугун жана элет жашоочулары жылдын суук мезгилинде бет келип жатышкан кыйынчылыктарды эске алуу менен жюринин мүчөлөрү БААУнун командасынын биогаз чыгаруучу жабдууларды айылдарда киргизүү боюнча долбоорун өзгөчө белгилешти. «Кумтөр Оперейтинг Компани» Ысык-Көл областын өнүктүрүүгө зор таасир көрсөтүп жана социалдык программаларды колдоп келет. Албетте, айыл инфраструктурасын колдоо жөнүндө да унутууга болбойт. […]