Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

06.04.2012 Мага баарын берсе да, чий куурчакка теңебейм

2-апрель – Эл аралык балдарга арналган китептер күнү. Бул күнү Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Чий куурчак” китебинин презентациясы өткөрүлдү. Чий куурчак дүйнөсүнө саякат Китептин бет ачарына арналган иш-чара китепкананын концерттик залында өтүп, уюштуруучуларды эске албаганда көпчүлүктү балдар менен алардын ата-энелери түздү. Алып баруучу балдарды майрамы менен куттуктап: “Бүгүн биз Чий буурчак деп аталган китеп дүйнөсүнө саякатка чыгабыз. Саякатыбызга Кумтөрдө иштеген сыйкырчы байкелер жардам берет” деп салтанатты ачты. Салтанаттын күнөөкөрү, китептин автору Жылдыз Бек: “Мен бактылуумун. Кезинде таенем мага өз колу менен чий куурчак жасап берген. Мен небереме жасап бердим. Анан бул өнөр унутулуп калбасын деп китеп жаздым. Максатым балдарды китеп окууга тартуу жана ал аркылуу улуттук баалулуктарыбызга болгон сүйүүсүн ойготуу”-деп ой бөлүштү. Андан соң Жылдыз айым чий куурчак жасоо боюнча масстер-класс өтүп берди. Көрсө мындай чий куурчакты Кыргызстанда жасаган бардык элдер ойноп чоңоюшуптур. Буга далил катары өлкөбүздө жашаган бир катар диаспоралардын чий куурчактары көрсөтүлдү. Демек чий куурчак элдер аралык ынтымактын да символу. Анан албетте “свежий” жасалган чий куурчакты балдар күндүн башкы “сыйкырчысы” Кумтор Оперейтинг Компанинин президенти Майкл Фишерге тапшырышты. Белгилеп кетчү нерсе, бул Кумтөрдүн биринчи жардамы эмес. Китепкананын жамааты Кумтөрдүн колдоосун дайым сезебиз деп айтып жатканы ошондон улам болсо керек. “Аталар уулдарына эмне жасап берет?” […]

27.03.2012 «Кумтөр Оперейтинг Компани» Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык системасын калыбына келтирди

Өткөн жылдын күзүндө жүргөн селден улам эки айыл суусуз калган. «Кумтөр Оперейтинг Компани» өзүнүн эсебинен Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык каналдарын калыбына келтирүүнү жана реконструкциялоону жүргүздү. 2011-жылдын сентябрында сел алар аркылуу Барскоон жана Тамга айылдарына суу келген каналдарды жууп кеткен. Ал аз келгенсип, Тамга айылынын жашоочулары ичүүчү суусуз да калышты, себеби айылдын суу топтогучу бузулган каналдан толтурулуучу. Жазгы талаа иштери да үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кабылган. «Кумтөр Оперейтинг Компани» айылдыктардын өтүнүчүнө жооп катары калыбына келтирүү иштерине техника жана адамдарды бөлүп берди. Иштин бир бөлүгү өткөн жылы суук түшкөнгө чейин эле аткарылган. Быйыл мартта каналдын реконструкциясы улантылды. Ушул эле жумада суу эки айылдын ирригациялык системасына келе баштамакчы. Компания каналдарды калыбына келтирүү боюнча бардык иштерди апрелде аяктоо пландаштырууда. -Жыл сайын биз бүт айыл көтөрүлүп каналды таштандылардан жана таштардан тазалоого чыгабыз, бирок селдин кесепеттерин өз алдынча жое алмак эмеспиз. Биз жардам сурап «Кумтөргө» кайрылдык жана алар жардамга келишти. Каналды калыбына келтирип жана кеўейткенден кийин айылдыктар талаада иштей башташмакчы. Биз ансыз да графиктен артта калып жатабыз. Компаниянын жардамы өз убагында болуп калды, – деп түшүндүрдү Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболот Аккулуев.