Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

23.07.2012 «КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» КЕН ИШКАНАСЫНДА ООРУП КАЛУУЛАР КЕЛИП ЧЫККАНДЫГЫ ЖӨНүНДӨ БИЛДИРЕТ

Кен ишканасында иштешкен кызматкерлердин тамак-аш менен ууланып калуусуна шектенүүгө байланыштуу, «Кумтөр Оперейтинг Компани» шашылыш түрдө бардык азык-түлүк продуктыларын берүүчүлөрдөн лаборатордук сыноолордун натыйжаларын жана ылайыктуулук сертификаттарын кошумча талап кылды. 2012-жылдын 18-июлунда компаниянын медициналык кызматына 4 адам жогорку температура болуп жаткандыгы жана жалпы алсыздангандык боюнча кайрылышкан, анын экөөсү диарея болуп жаткандыгына даттанышкан. 19-июлда кайрылгандардын саны – 49га, а 20сында – 140ка жеткен. Алардын баарына баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны көп болгондугуна байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттер планына ылайык, компания областтык санитардык-эпидемиологиялык кызматка билдирип жана медиктерге кайрылуулардын себептерин аныктоону өтүнгөн. Мамсанэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери дароо кен ишканасына көтөрүлүшкөн. Кызматкерлердин массалык кайрылууларынан улам санитардык врачтар аларды Ысык-Көл областынын ооруканаларына жөнөтүүнү сунушташкан. Жалпысынан 18инен 22-июлга чейин компаниянын медкызматына 220дан ашуун адам кайрылышкан. 159 адам кен ишканасынан түшүрүлгөн. Республиканын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда 78 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүн кен ишканасында инфекция белгилери менен 4 адам кайрылган. Мамсанэпидкөзөмөлдүн адистери тамак-аш блогун, кампа жайларын, турак-жай блокторун, санитардык түйүндөрдү иликтөө жүргүзүштү, натыйжада санитардык нормаларды жана эрежелерди одоно бузуулар табылган жок. Бардык ашкана персоналынын тамак-аш блогунда иштөө үчүн медициналык уруксаты бар. Мамсанэпидкөзөмөлдүн талабы боюнча азык-түлүк берүүчүлөрдүн бардыгынан ылайыктуулук сертификаттары жана лаборатордук иликтөөлөрдүн маалыматтары талап кылынды. Ичеги-карын инфекциясынын келип чыгуусунан улам «Кумтөр» кен ишканасында Жети-Өгүз ИИБсынын, […]

20.07.2012 «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө ачык каты

Акыркы мезгилде өлкөнүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан биздин компаниянын дарегине өтө терс жана кутумчул мүнөздөгү асылуулар жана айыптоолор көбөйдү, алар компаниянын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө жана анын ишкер беделине шек келтирүүдө. Мына ушуга байланыштуу биз, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери, буга өтө тынчсыздануудабыз жана өзүбүздүн конституциялык укугубуздан пайдалануу менен сындоолорго жана Кумтөр кен ишканасында болушкан депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү көтөрүшкөн маселелерге карата өз пикирибизди жана жарандык позициябызды билдиргибиз келет. Көпчүлүгүбүз кен ишканасында 15 жылдан ашуун убакыт иштеп келебиз жана алтынды казып алууга байланышкан иштер кантип жүргүзүлүп жаткандыгы жана компания тарабынан эмгектин коопсуздугу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча канчалык жогорку стандарттар белгиленгендиги жана сакталып жаткандыгы боюнча имиштерден жана илимий журналдардан эмес, өз көзүбүз менен көрүп билебиз. Андан тышкары, биздин компаниянын айрым адистери чет өлкөлөрдөгү жана КМШ өлкөлөрүндөгү алтын казып алуучу компанияларда иш тажрыйбасына ээ болушкан жана Кумтөрдөгүдөй иштин уюштурулуусу жана шарттары бар, технологиялык процесс дайыма өркүндөтүлүп турган ушундай ишкана азыркы учурда бирди-жарым эле экенин моюнга алышат. Кумтөр Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүнүн негизги булагы болуп санала тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Статистикалык маалыматтарга ылайык, биздин компания Ысык-Көл областынын гана эмес, ошондой эле бүткүл өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошууда. Кумтөр чет элдик валюта резервдеринин көбөйүүсүнө жана […]