Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

06.12.2012 «Кумтөр Оперейтинг Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Майыптардын эл аралык күнүнүн алдында “Кумтөр Оперейтинг Компани” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды бириктирген жана алардын проблемалары менен алектенген ар кандай уюмдардан көптөгөн каттарды алды. Быйыл компаниянын жетекчилиги миң жылуу жууркан жана башка тиричилик буюмдарын сатып алып, даректүү жардам көрсөтүүгө кошумча каражаттарды бөлүүнү чечти. 2012-жылдын 6-декабрында компаниянын кызматкерлери “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда болушту жана мекеменин тарбиялануучулары үчүн 50 жууркан жана 4 жылыткыч беришти. Анын алдыңкы күнү 200 жууркан Кыргыз республикалык майыптар коомуна берилген. Телевизор жана DVD-плеер түрүндө белекти сүйлөө кемчиликтеринен, БЦПдан жана аутизмден жапа чеккен балдар менен иштөөдө пайдалануусу үчүн Республикалык психикалык саламаттык борборунун сүйлөө патологиясы бөлүмү алды. 750 жууркан Ысык-Көл областына жөнөтүлдү жана чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар менен иштешкен төмөнкү уюмдарга: Ысык-Көл – Нарын азиздер жана дүлөйлөр коомуна, Ак-Суу аялдар психоневрологиялык үй-интернатына, Балыкчы шаарынын майып балдар коомуна, ошондой эле жергиликтүү администрациялар менен бирдикте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында бөлүштүрүлүү үчүн Компаниянын регионалдык маалымат борборлоруна берилмекчи. «Эл аралык майыптар күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүү биз үчүн жакшы салт болуп калды. Биз чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдарга, анын ичинде майып балдарга да жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигине кубанычтабыз, анткени алар жарандардын эң аз камсыздалган жана таарынтылган топторуна киришет эмеспи, мына ошондуктан ар кандай жардам алар үчүн маанилүү», – деп баса белгиледи Дуглас Гриер, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» […]

24.09.2012 Кыргыз баатырларынын чет элдик меймандары

Мурунку акындар кийинки акындарга калтырбай уйкаш сөздөрдү колдонуп ыр жазып салган сыяктуу улам убакыт өткөн сайын жаңы нерсе чыгып, кийинки ойлоп табуучуларга, окумуштууларга ачылыш жасоо кыйын болот эмеспи. Ошол сыңары илимдин ар кайсы тармагындагы окумуштуулар, мыкты адистер чогулушуп жаңы технологиялар, өзгөчө ыкмалар менен тажрыйба бөлүшүп, өндүрүштү, ар кандай процесстерди жеңилдетүү, азыраак чыгым кетирүү, жаратылышка зыян келтирбөөнү максат кылышып семинар конференцияларды уюштуруп турушат. Жогоруда айтылгандай тажрыйба бөлүшүү максатында өткөн аптада Ысык-Көлдөгү белгилүү эс алуу жайларынын биринде КМШ алкагынан келишкен өкүлдөр «Карьердеги алдыңкы технологиялар» аттуу конференцияга чогулушту. Конференцияга модераторлук кылган КРСУнун санарип-технологиялар жана коммуникациялар институтунун директору Виталий Коваленко бул иш-чара боюнча кыскача айтып берди: – Жыл сайын өтүүчү бул конференция 6-ирет уюштурулду. Ага басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан жана Кыргызстандын мыкты адистери такай катышып келишет. Бул жылы чет өлкөлүк коноктордун саны 16 болсо, калган катышуучулар биздин өлкөнүн адистери. Бул адистер тоо-кен байлыктарын ачык жол менен алуунун ыңгайлуу ыкмаларын, зыянсыз жолдорун издеп табуу менен алек болгон адамдар. Ар бир катышуучу өзүнүн сунуш кылган программасы менен келишкен. Мисалы, биздин институт жардыруу иштеринин чебери болгон «Бласт Мейкер» программасын сунуштоодо. Биздин программалык камсыздоо, приборлорубузга Россия, Казакстан, Өзбекстандын тоо-кен ишканалары кызыгып, учурда алар менен кызматташуудабыз. Бул программалар мурункудан айырмаланып тоо-таштарды жардырууда компьютер менен анализденип, так маалыматтар аркылуу план […]