«Кумтөр» компаниясы жана «Трансперенси Интернешнл – Кыргызстан» «Өнүгүү келишими: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жамаат арасындагы шериктештик» биргелешкен долбоорун ишке киргизишүүдө. Долбоордун максаты – калктын коомдук жыргалчылыктарга жана муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жергиликтүү жашоочулардын жана бийлик өкүлдөрүнүн аракеттерин бириктирүү, ошондой эле көлдүктөргө берилип жаткан кызматтардын сапаттарын жогорулатуу. Долбоор Ысык-Көл областында жыл аралыгында жүзөгө ашырылмакчы. Өнүгүү келишими регионду өнүктүрүү жөнүндө жарыя келишим болуп саналат, ал айылдыктар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды берүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катыша алуусу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жамааттардын ортосунда түзүлмөкчү. Долбоордун алкактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана региондун жашоочулары өздөрүнө регионду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерди алышмакчы, алар так убакыттык чектерге ээ болот. Долбоордун жүрүшүндө калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бийликтин ачыктыгын жана эсеп бере билерлигин жогорулатууга багытталган тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда. Коомчулуктун өкүлдөрүнө башка өлкөлөрдө аракеттенип жатышкан Өнүктүрүү пактыларынын мисалында активдүү жарандык позициянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет. Тренингдер аяктагандан кийин калктуу конуштарда байкоочу комитеттер аракеттене тургандыгы пландаштырылууда, алардын мүчөлөрүн жергиликтүү жашоочулар шайлашат. «Долбоор Өнүгүү келишимине катышуучу тараптардын тең ыңгайлуу биргелешкен аракеттери кантип коомдук жыргалчылыктарга жана кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга алып келерин көрсөтүүгө багытталган. Келишимдер кызыкдар тараптардын – жергиликтүү өз алдынча башкаруу, кызмат көрсөтүүчү мекемелер жана жергиликтүү жамаат ортосунда конструктивдүү шериктештиктин […]