Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

26.08.2013 «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» фестивалы Караколдо өтмөкчү

2013-ж. 27 – 28-августунда Каракол ш. “Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” музыкалык фестивалы өтмөкчү, ал Ысык-Көл областынын “Теңчилик” майыптар союзунун жана “Назик кыз” КБсынын демилгеси менен уюштурулган. Уюштуруучулар республиканын бардык областтарынан 100дөн ашуун катышуучу келишин күтүшүүдө. Фестивалдын негизги максаты – майыптарга карата стереотиптерди бузуу. Бул чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар үчүн коркууну жеңүү жана өздөрүнүн музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү үчүн да эң мыкты ыкма. Фестивалдын программасында эстрадалык, фольклордук жана бий номерлери бар. Антракттар убагында шахматтык турнирлер жана башка мелдештер өткөрүлмөкчү. Конкурстардын жана мелдештердин жыйынтыктары боюнча баалуу сыйлыктар жана грамоталар берилмекчи. “Кумтөр” компаниясы бул иш чараны өткөрүүнү колдоого алды жана фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражаттарды бөлдү.

23.08.2013 2013-жылдын II кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр» компаниясы 2013-жылдын экинчи кварталындагы иштин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылында “Кумтөрдө” 161 983 унция* же 5 038 кг алтын өндүрүлгөн. Компания 2,8 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон. Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү 2013-жылдын экинчи кварталында “Кумтөр” кен ишканасында 2 250,8 килограмм (72 365 унция) алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2012-жылдын ушундай мезгилинде баалуу металл өндүрүү 1 284,8 килограммды (41 307 унция) түзгөн. Көлөмдүн көбөйүшү курамында алтыны жогору болгон руданы кайра иштетүүдөн улам мүмкүн болгон. Мисалы, 2013-жылдын экинчи кварталында фабрикага алтындын орточо курамы 2,17 г/т болгон руда берилген, а бөлүп алуу пайызы 69%ды түзгөн. Отчеттук мезгилде руданы кайра иштетүүнүн көлөмү 1,4 млн. тоннаны түзгөн, бул болжол менен 2012-жылдын ошол эле мезгилиндеги көрсөткүчкө дал келет. Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2013-жылдын экинчи кварталында 70 318 унцияны, же 2,2 тоннадай алтынды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөн каражат 96,5 млн. долларды** түздү. “Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында […]