Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

25.06.2014 «Кумтөрдүн» социалдык саясаты – жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү

2013-жылы жергиликтүү рынокто канадалык компания тарабынан сатылып алынган товар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн көлөмү 68 миллион долларды түздү. «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасынын жергиликтүү калк менен иштөөсүндөгү бирден бир приоритети – кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү колдоо. Компания жылдан жылга жергиликтүү рыноктон сатып алуулардын көлөмүн максаттуу түрдө көбөйтүп жатат. Бул саясат – «Кумтөргө» өзүнүн социалдык жоопкерчилигин аткаруу жолдордун бири. КГКда бүгүнкү күндө жергиликтүү сатып алууларды ишке ашыруу тармагында эмне жасалып жаткандыгы жана анын келечек пландары кандай экендигин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын камсыздоо боюнча вице-президенти Лесли Лоу баяндайт. Кыргызстандагы айрым эксперттер сиздердин компанияны ири өнөр жай объектиси катары эле карабаш керек деп эсептешет жана анын республиканын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролу жөнөкөй кенге караганда кыйла жогору. Сиз буга кошуласызбы? КГК өзүнүн ролун Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө колдон келишинче салымын кошуудан көрөт. Ошондуктан биз компания менен Кыргыз Республикасынын эки тараптуу пайдалуу кызматташууну улантуу үчүн КГК керектеген товар жана кызматтардын көлөмүн жана ассортиментин көбөйтүүгө тынымсыз умтулабыз. Бүгүнкү күндө 600дөн ашуун жергиликтүү кызмат жана товар ташуучулар менен иштешип, алардан жылыга 11 миңден ашуун аталыштагы өндүрүм алып жатабыз. Келишим негизинде көрсөтүлгөн, анын ичинде ижарага техника алуу менен байланышкан кызматтардын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү ишканалар жана Ысык-Көл облусунун тургундары тарабынан көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө КГКнын сатып алууларынын жалпы көлөмүндө жергиликтүү өндүрүмдүн үлүшү кандай? […]