Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

11.08.2020 2020-жылдын экинчи чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктар

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын экинчи чейректеги иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кумтөрдɵ” 325 551 унция1 же 10 125,77 кг алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 6,46  миллиард сомдон ашык салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.  COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү шартында иштөө “Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүүнү улантууда. Эпидемия экинчи чейректе “Кумтөр” операциялык ишмедигинин жыйынтыктарына таасир тийгизбегени менен, коронавирустук инфекция жана Кыргыз Республикасындагы башка оорулардан улам эмгек жамааттын  айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканы байкала баштаган. Июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлбөсө дагы, фабрика штаттык режимде иштеп, кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө. Компания “Кумтөр” кызматкерлеринин жана жергликтүү калктын коопсуздугу үчүн зарыл  учурларда өз пландарына түзөтүүлөрдү киргизүүнү улантат. “Кумтөр” аймагында кызматкерлер жашоочу лагер жайгашкан обочолонгон бөлүгү болгондуктан, эмгек жамаатынын бардык кызматкерлери, ошондой эле подряддык уюмдардын жумушчулары кендин аймагына келгенге чейин комплекстүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү. Тестирлөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 21-июлуна карата, COVID-19 вирусу 381 кызматкерден жана подряддык уюмдардын жумушчуларынан аныкталды, бул “Кумтөр” эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн 8 837 тесттин болжол менен 4,3% түзөт. Продукцияларды өндүрүү жана сатып өткөрүү 2020-жылдын экинчи чейрегинде “Кумтөрдөгү”  алтын өндүрүүнүн […]