БУРГУЛОО ЖАНА ЖАРДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БУРГУЛОО ЖАНА ЖАРДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 18 June 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 02.07.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Бургулоо жана жардыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен тармагы боюнча ЖОЖду аяктагандыгы жөнүндө диплом;
  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген «Жардыргычтын бирдиктүү китеби»;
  • «Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин» билүү;
  • Эффективдүү коммуникация көндүмдөрү;
  • Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
  • Жеке сапаттары: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуу болуу;
  • Отчетторду презентация түрүндө даярдоо көндүмдөрү;
  • Ишенимдүү компьютер колдонуучусу, MS Office программаларын билүү;
  • Жардыруучу катары тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.

Милдеттери:

  • Карьердеги жардыруу иштерине катышуу;
  • Ар кандай типтеги заряддоочу машиналар менен скважиналарды дүрмөттөө;
  • Тыюу салынган аймактарды көрсөткөн тосмолорду, конустарды жана эскертүүчү белгилерди орнотуу;
  • Жардырууга дүрмөттөрдү даярдоо;
  • Скважиналарды айдалуучу материал менен айдоого көмөктөшүү;
  • Тажрыйбалуу жардыргычтарга жардам берүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 2-июлунда 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.