БИШКЕКТЕ КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА “КГК КУБОГУ 2024” МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА “КГК КУБОГУ 2024” МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

Жарыяланган: 30 September 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча «Кумтөр Голд Компани Кубогу 2024» мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, жыл сайын өтүүчү салтка айланган кичи футбол боюнча бул мелдештин негизги максаты спортту, сергек жашоо образын жана корпоративдик тилектештикти жайылтуу болуп саналат.

«Спорт – бул жөн эле физикалык машыгуу эмес, командалык духту, мотивацияны, жалпы эле маанайды көтөрүүчү эң мыкты курал. Анткени ушундай мелдештерде биз бирге иштөөгө, кыйынчылыктарды бирге жеңүүгө, бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө үйрөнөбүз. Бул сапаттар спорт талаасында гана эмес, биздин күнүмдүк иш процессибизде да абдан маанилүү. Тер чачып чуркаган ар бир аракетиңер ден соолугуңузга гана эмес, ич ара жамааттык ынтымагыңарды да бекемдөөгө кошулган салым экенин унутпаңыздар», – деди ал.

Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүгө чемпиондук кубок, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга диплом, медалдар жана эң мыкты оюнчуларга корпоративдик байгелер ыйгарылды.