БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 16 August 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билими жөнүндө диплом (ар кандай профилдеги), иш стажы жок;
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү;
- Инициативдүү жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон умтулуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык жана тактык;
- Стресске чыдамдуулук жана сылыктык;
- Кыргыз, орсу жана англис (базалык) тилдерин билүү.
Милдеттери:
- Телефон байланышын камсыз кылуу. Билдирүүлөрдү кабыл алуу, жазуу жана аларды компаниянын кызматкерлерине жеткирүү;
- Келген адамдардын жана коноктордун эсебин жүргүзүү;
- Чай ичүү бөлмөлөрүн жана дааратканаларды зарыл нерселер менен камсыздалышын көзөмөлдөө;
- Маалымат тактасындагы маатыматтардын актуалдуулугун көзөмөлдөө;
- Жетекчинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаруу;
- Компания тарабынан өткөрүлгөн жыйындарды, кеңешмелерди жана иш-чараларды даярдоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүү;
- Конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү менен аларга натыйжалуу жана сылык кызмат көрсөтүү;
- Корпоративдик иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ар кандай документтерди сканерлөө;
- Ай сайын кеңседеги кызматкерлердин жайгашкан орундары боюнча маалыматты жаңыртуу;
- Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
- Ички эмгек тартибинин эрежелерин (Компаниянын жоболорун) сактоо;
- Купуя маалыматты жайылтпоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 29-августу саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.