ВИДЕО — БИШКЕК ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК «MINEX CENTRAL ASIA 2024» ТОО-КЕН – ГЕОЛОГИЯЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛДЫ

ВИДЕО — БИШКЕК ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК «MINEX CENTRAL ASIA 2024» ТОО-КЕН – ГЕОЛОГИЯЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛДЫ

Жарыяланган: 19 June 2024

19-июнь күнү Бишкек шаарында Бордук Азия өлкөлөрүнүн биринде жыл сайын өтүүчү эл аралык “Майнекс – Борбордук Азия” тоо-кен – геологиялык форуму башталды.  

Х маарекелик бул форум «Борбордук Азиядагы тоо-кен жана металлургия тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери» деген темага арналды. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылып, тоо-кен тармагынын өлкө экономикасы үчүн маанисин баса белгиледи.

Форумдун катышуучулары эки күндүн ичинде тоо-кен тармагынын абалы жана келечеги, заманбап технологияларды колдонуу менен айлана-чөйрөнү, өнөр жай коопсуздук стандарттарын сактоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашат. 

Мындан тышкары көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, форум аяктагандан кийин катышуучулар Кыргыз Республикасынын алдынкы тоо-кен ишканаларына барып, өндүрүш процесси, кен адистеринин эмгек жана эс алуу шарттары сыяктуу маселелер менен жеринен тааныша алышат.

Белгилей кетсек, эл аралык “MINEX Central Asia 2024” тоо-кен-геологиялык форуму жыл сайын Борбор Азия республикаларынын биринде өткөрүлөт жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы аймактар ​​аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого, инвестицияларды жана жаңы заманбап технологияларды тартууга багытталган. 

 Форумга Борбор Азия, Европа, Кытай, Түндүк Америка жана Жакынкы Чыгыштын 30дан ашык  өлкөсүнөн компаниялар жана уюмдардын катышуусу күтүлүүдө.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому «MINEX Central Asia 2024» форумунун негизги өнөктөштөрүнүн бири.