СҮРӨТТӨР — БҮГҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ

СҮРӨТТӨР — БҮГҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ

Жарыяланган: 05 June 2024

Жаратылышка аяр мамиле жасоо – мындан ондогон жылдар мурункуга караганда азыр өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул маселеде «Кумтөр Голд Компани» өндүрүш менен жаратылышты айкалыштыруунун мыкты үлгүсүн көрсөтө алды.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча принципиалдуу көз карашын компания сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да айкын көрсөтүп келет. Ишкананын аймактын экосистемасын сактоого жигердүү салым кошуп жатканынын ачык мисалы катары Сарычат-Эрташ коругун айтсак болот. Кумтөрдүн көмөгү жана колдоосунун натыйжасында, аталган коруктагы аркар, эчки, ак илбирс өңдүү Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны акыркы жылдары көбөйдү. Албетте, бул уникалдуу жана кайталангыс бийик тоолуу экосистеманы сактоодогу олуттуу ийгилик. Кумтөр кен жайынын айланасында жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшү – алтын казып алынган аймак экологиялык жактан коопсуз жана алардын жашоосу үчүн эч кандай коркунуч жок экендигинин далили.

Компания тарабынан биологиялык ар түрдүүлүктүн абалына жыл бою тынымсыз байкоо салынып, мониторинг жүргүзүлүшү – аймактын экосистемасын так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Экологияга жана айлана-чөйрөгө жасалган өзгөчө камкордукту – аркарлардын, эчкилердин жана ак илбирстердин көбөйүшүнөн байкасак болот. Учурда Сарычат-Эрташ коругунда аркарлардын саны 750дөн 2500гө чейин көбөйүп, республика боюнча эң жогорку популяциялык көрсөткүчкө ээ. Ошондой эле эчки, ак илбирстердин да саны тынымсыз артып жатканы жагымдуу көрүнүш.

Баса, кен жайдын айланасы келгин куштарды да өзүнө тартып, алар үчүн уникалдуу жашоо чөйрөсүн түзүүдө. Жакында эле жоголуп бара жаткан каз жана ак куулардын Кумтөр кен жайына кайтып келиши абдан кубанычтуу кабар болду. Демек, кен жайдын экологиялык абалы жапайы жаныбарлар үчүн жагымдуу деп тыянак чыгарсак болот.

Муну менен «Кумтөр Голд Компани» өндүрүш менен табиятты бир мейкиндикте эң жакшы айкалыштырып, аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап, андан ары өнүктүрүп, өстүрүүнүн ачык үлгүсүн көрсөттү.

Маалымат үчүн: Сарычат-Эрташ коругунда аркарлардын саны 750дөн 2500гө чейин көбөйдү. Текелердин саны 750–850гө жетти. Ошондой эле кен жайдагы жана анын айланасындагы ак илбирстердин саны 18 чейин көбөйгөн.