2021-жылдын 25-июнунда дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (КГК) колдоосу менен “Кумтөр”кенине барышты. Делегациянын курамына Кыргызстанда аккредиттелген Индиянын жана Улуу Британиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Азербайжан Республикасынын элчилигинин өкүлү, жана ошондой эле БУУнун Туруктуу координатору, БУУ ФАО, БУУ ӨП, КР ТИМ, КР ЭКМК сыяктуу эл аралык жана республикалык уюмдардын делегаттары кирген.