06.07.2011 Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды

Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тоң айылында бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын реконструкциясы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен жүргүзүлгөн. Алтын өндүрүүчү ишкана бала бакча үчүн жабдууларды: тиричилик техникасын, оюнчуктарды, биринчи зарылчылыктагы буюмдарды сатып алууга жардам берди. Бала бакчанын салтанаттуу ачылышында айылдын элинин жарымынан көбү чогулду, а жергиликтүү балдар анча чоң эмес концерт даярдашкан. Ыңгайлуу жана толук жасалган имарат сентябрда бөбөктөрдү кабыл ала баштайт. Ысык-Көл областынын Тоң районунда быйылкы жылдан баштап «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» (КОК) финансылык колдоосу менен тогуз социалдык долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатканын белгилеп коелу. Иш ЮНИФЕМ («БУУ-Аялдар») эл аралык уюму жана жергиликтүү бийлик, ӨЭУлар менен бирдикте жүргүзүлүүдө. «Кумтөр Оперейтинг Компани» долбоордун алкактарында Тоң районунун айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чакан гранттар программасын жүзөгө ашырууга 130 миң АКШ долларын бөлгөн. Өз кезегинде «БУУ-Аялдар» фонду өзүнө чакан гранттарды алуучулардын долбоорлорунун конкурсун уюштурууну жана өткөрүүнү алган. Конкурстун жыйынтыктары боюнча бирдей бюджети – 10 миңден АКШ доллары болгон тогуз долбоор тандалып алынган. Тоң айылында бала бакчанын ачылышы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен Тоң районунда жүзөгө ашырылган тогузунчу социалдык долбоор болуп калды. Алтын өндүрүүчү компаниядан алынган гранттын суммасына Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун каражаттары да кошулду, ал фонддун бюджети да «Кумтөр Оперейтинг […]

29.06.2011 Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү 2011-жылдын 29-июнунда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райондун жетекчилигинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү. Анда “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өкүлдөрү катарында регион менен байланыштар боюнча менеджер Керим Шатманов жана финансы жана эсеп бөлүмүнүн менеджери Рысбек Токтогул болушту. Регионалдык комитеттин жыйынында алтын өндүрүүчү ишкананын колдоосу менен ачылып жаткан «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин ишинин уюштуруу маселелери талкууланды. Жаңы микрокредиттик мекеменин жетекчиси кызматына талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүлдү, өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин директору тандалып алынды. «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттиги Тоң районунун калкынын финансы каражаттарына жетишүүсүнүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулган, бул өз кезегинде райондун экономикасын, жеке ишкердикти жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

17.06.2011 Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү

Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү 2011-жылдын 13үнөн 16-июнуна чейин Чолпон-Ата шаарында Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин “Валидациядан кийин: КТАДдын болочогуна көз жүгүртүү менен” деген аталыштагы Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Монголиянын, Тажикстандын өкүлдөрү катышышты. Үч күн аралыгында катышуучулар тажырыйба алмашышты жана алар туш келип жаткан тоскоолдуктар жөнүндө айтышты. Конференциянын меймандары алардын КТАД чөйрөсүндөгү мыйзамдары кыргызстандык мыйзамдардай өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алышты. Чыгып сүйлөгөндөр ачыктык – бул жакшы нерсе экендиги боюнча бир пикирде болушту. – Ачыктыктан улам тоо кен ишканалары жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен диалогду жолго кое алышты. Жергиликтүү жамаат жана калк ишканалар экономиканын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатышканын билиши керек. Бул биз үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу, – деп эсептейт «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов. – Биз бул демилгени Кыргызстанда жүзөгө ашыруунун башаттарында турдук, биринчилерден болуп КОКтун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жарыялоого кириштик. Компания КТАДга кошулгандан баштап эле ачык болуп калды, мурда келип чыгуучу бир катар маселелерди дароо эле алып салууга мүмкүн болду. Ачыктык демилгесин сөзсүз өнүктүрүү керек. Болочокто, компаниялар сыяктуу эле, жергиликтүү бийликтер алар алышкан акчаларды кантип жумшап жатышканын түшүндүрүү менен калктын астында отчет бериши керек. Эл аралык […]