27.06.2013 «Кумтөр» компаниясы жана «Трансперенси Интернешнл – Кыргызстан» биргелешкен долбоорду ишке киргизишүүдө

«Кумтөр» компаниясы жана «Трансперенси Интернешнл – Кыргызстан» «Өнүгүү келишими: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жамаат арасындагы шериктештик» биргелешкен долбоорун ишке киргизишүүдө. Долбоордун максаты – калктын коомдук жыргалчылыктарга жана муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жергиликтүү жашоочулардын жана бийлик өкүлдөрүнүн аракеттерин бириктирүү, ошондой эле көлдүктөргө берилип жаткан кызматтардын сапаттарын жогорулатуу. Долбоор Ысык-Көл областында жыл аралыгында жүзөгө ашырылмакчы. Өнүгүү келишими регионду өнүктүрүү жөнүндө жарыя келишим болуп саналат, ал айылдыктар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды берүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катыша алуусу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жамааттардын ортосунда түзүлмөкчү. Долбоордун алкактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана региондун жашоочулары өздөрүнө регионду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерди алышмакчы, алар так убакыттык чектерге ээ болот. Долбоордун жүрүшүндө калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бийликтин ачыктыгын жана эсеп бере билерлигин жогорулатууга багытталган тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда. Коомчулуктун өкүлдөрүнө башка өлкөлөрдө аракеттенип жатышкан Өнүктүрүү пактыларынын мисалында активдүү жарандык позициянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет. Тренингдер аяктагандан кийин калктуу конуштарда байкоочу комитеттер аракеттене тургандыгы пландаштырылууда, алардын мүчөлөрүн жергиликтүү жашоочулар шайлашат. «Долбоор Өнүгүү келишимине катышуучу тараптардын тең ыңгайлуу биргелешкен аракеттери кантип коомдук жыргалчылыктарга жана кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга алып келерин көрсөтүүгө багытталган. Келишимдер кызыкдар тараптардын – жергиликтүү өз алдынча башкаруу, кызмат көрсөтүүчү мекемелер жана жергиликтүү жамаат ортосунда конструктивдүү шериктештиктин […]

30.05.2013 2013-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

• Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын ардагерлерин колдоонун алкактарында согуштун ардагерлерине ар айлык төлөмдөр – 54 000 сом • Тамга орто мектебине мектептин автобусун ремонттоого – 19 200 сом • Тамга айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 820 сом • Тосор айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 156 сом • Барскоон айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 000 сом • Барскоондогу Кендирбаев атындагы мектеп китепканасына гезиттерге жазылууга – 4 511 сом • «Карек» КБсына тигүү цехин жана чач тарачты уюштурууга – 150 000 сом • Тосор айылындагы «Хидаят» спорт клубуна спорттук форма жана инвентарь сатып алууга – 18 220 сом • Тамга айылындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптарды жана жабдууларды, парталарды жана жылыткыч сатып алууга – 89 400 сом • Кызыл-Суу айылындагы «Нур-Тем» калкты өнүктүрүү жана билим берүү борборуна проектор сатып алууга – 22 944 сом • Тамга айылындагы балдар бакчасына керебеттерди, стол, компьютер жана принтер сатып алууга – 120 120 сом • Жети-Өгүз районунун жаштар комитетине райондук паркты көрктөндүрүүгө жана муз тебүүчү жайды түзүүгө (конькилер, скамейкалар, музыкалык жабдуу сатып алынды) – 518 952 сом • Тосор айылдык китепканасына китептерди сатып алууга – 32 000 сом • Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Аялдардын эл аралык күнүнө карата белектерди сатып алууга – […]

30.05.2013 2012-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

• Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын ардагерлерин колдоонун алкактарында согуштун ардагерлерине ай сайын төлөмдөр – 83 000 сом • Чоң-Жаргылчак айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 3 460 сом • Кичи-Жаргылча айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 3 765 сом • Барскоон айылындагы Диагностикалык медициналык борбор, келишимге ылайык – 225 000 сом • Барскоон айыл өкмөтүнө грек-рим күрөшү боюнча балдар командасынын Ош шаарындагы мелдештерге катышуусуна транспорттук чыгымдарды жабууга – 5 000 сом • Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы тармактар ишканасына, Тамга подстанциясы– 30 000 сом • Тамга айылындагы «Кызгалдак» бий ансамблине видеокамера сатып алууга – 23 500 сом • Барскоон айылдык кеңешине Жеңиш күнүнө арналган спорттук иш чаралар үчүн спорттук инвентарь сатып алууга – 79 186 сом • Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Жеңиш күнүнүн алдында ардагерлерге белектерди сатып алууга – 120 000 сом • Барскоон капчыгайын тазалоо боюнча экологиялык долбоордун алкактарында– 40 605 сом • Тосор айылындагы «Хидаят» спорт клубуна дзюдо боюнча экинчи эл аралык турнирди өткөрүүгө – 174 301 сом • Барскоон айылындагы «Кумтөр Эл Айкын» коомдук фондуна Жеңиш күнүнүн алдында ардагерлерге белектерди сатып алууга– 30 000 сом • Кызыл-Суу айылындагы “Айыл жашоосу” коомдук фондуна Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрүүгө – 80 000 сом • Жети-Өгүз райондук мамлекеттик […]