03.04.2013 «Кумтөр» компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат

Ар кандай эксперттердин, бир катар ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаалга карата, компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөнүн абалына кыйратуучу таасир этет имиш деген билдирүүсүнө жооп катары “Кумтөр” компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат. Бул отчеттор Мамкомиссиянын заказы боюнча даярдалган, алар техникалык тапшырманын алкактарында Европа союзунда жана Германияда кабыл алынган нормативдерге жана процедураларга ылайык, “Кумтөр” кен ишканасында алынган үлгүлөрдү алууну жана анализдөөнү жүргүзүшкөн. Атап айтканда немец эксперттери өз отчетунда төмөнкүлөрдү белгилешет: «Суунун алынган үлгүлөрүндөгү химиялык элементтердин концентрациясы жана цианиддердин жана фториддердин концентрациясы негизинен табигый геохимиялык фондук деңгээлдерге ылайык келет. Аналитикалык көрсөткүчтөр бул изилдөө үчүн пайдаланылуучу үлгүлөрдү алуу точкаларындагы жер бетиндеги сууларда цианиддердин жана токсиндүү элементтердин ашыкча жогорку концентрацияларынын бардыгын тастыктабайт. Кумтөр дарыясынын Кумтөр кен ишканасынан дээрлик 5 км төмөн жагындагы суусундагы сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын концентрациясы сезимтал суу организмдерине мүмкүн болуучу жагымсыз таасир этүүгө карата дагы тыкан изилдөөнү талап кылат окшойт. Бирок, дарыянын бул участогунда башка булактар да сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын деңгээлинин жогорулоосуна алып келиши же өбөлгө түзүшү мүмкүн экендигин да белгилеп коюу керек. Кумтөр дарыясынын, Арабел дарыясынын жана Барскоон дарыясынын сууларынын сапаты Европа Кеңешинин 1998-жылдын 3-ноябрындагы адамдар керектөө үчүн арналган суунун сапаты жөнүндө 98/83/ЕС Директиваларынын чектүү […]

04.02.2013 «Кумтөр» компаниясы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын дооматтарына жоопторду жарыялады

2012-жылдын декабрынын башталышында Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКына бир катар олуттуу дооматтарды жана эскертүүлөрдү берген. Компания Мамлекеттик инспекция тарабынан коюлган дооматтардын маңызы менен таанышып чыкты жана аларды тыкан анализдеди жана алар менен макул эместиги жөнүндө Маминспекциянын директорунун, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине 2013-жылдын 4-январында арызды, а 28-январда кеңири жоопторду жана арызга негиздемелерди жөнөттү. «Кумтөр Оперейтинг Компани» коюлган дооматтар менен макул эмес жана бул дооматтарда камтылган тастыктоолор ашыкча жана негизсиз деп эсептейт. Компания дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана ылайык иштеп келген жана иштеп жатат. Дооматтарда айтылган ишмердүүлүк, атап айтканда алтынды казып алууга жана “төгүндү тектерди” жайгаштырууга тиешелүү ишмердүүлүк дайыма тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген. Иштердин бардык түрлөрү тоо-кен иштеринин пландарында кеңири сүрөттөлөт, алар да жыл сайын өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан бекитилет. Компания Маминспекциянын жана өкмөттүн дарегине өзүнүн жоопторун корпоративдик сайтта тааныша аласыздар.