“Центерра Голд Инк.” жана “Кумтор Голд Компани” 2014-ж. 31-декабрына карата Кумтөрдөгү запастарды жана ресурстарды такташты. 2014-жылы “Кумтөрдө” жалпысынан 567 693 унция1 же 17 657,2 кг алтын өндүрүлгөн. Кумтөр кен ишканасы алтынга бай SB зонасына чыгуудан улам жылдын өндүрүштүк тапшырмасын ийгиликтүү аткара алды, компания аны 2015-жылдын биринчи кварталында да иштетүүнү улантууда.