БАШКАРУУЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ (БИШКЕК ОФИСИ)
Жарыяланган: 21 September 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Башкаруучунун жардамчысы (Бишкек офиси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0167
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын башкаруучусуна жана компаниянын жогорку кызмат адамдарына күн сайын жардам берүү;
- Күн тартибин, зарыл документтерди даярдоо, документтерди тиешелүү түрдө тариздөө жана жолугушууларды өткөрүү үчүн бардык зарыл даярдыкты жасоо;
- Компания башкаруучунун иш графигин координациялоо, жолугушууларды уюштуруу, оозеки жана жазуу жүзүндө которуу;
- Компаниянын ар кандай бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кызмат адамдары менен, жана ошондой эле башка уюмдар жана бирикмелер менен жумушту координациялоо;
- Жетекчинин бизнес-тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле аларды контролдоо;
- Компаниянын административдик саясатын жана жол-жоболорун ишке киргизүү жана координациялоо;
- Кириш жана чыгыш иш кагаздарын жана документтерди каттоо, талаптагыдай сактоо, талдоо жана бөлүштүрүү. Компаниянын башкаруучусунун архивин жүргүзүү;
- Компаниянын жетекчилигинин атынан келүүчүлөрдү, телефон чалууларды, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана башка зарыл иш-аракеттерди аткаруу;
- Компаниянын аткаруу комитетинин жыйналыштарына катышуу, жолугушуулардын протоколдорун жүргүзүү;
- Зарыл учурда Өкмөттүн жана/же парламентте жолугушууларга катышуу;
- Ишкердик этиканы жана жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку техникалык билим;
- Жеке жардамчынын кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Мыкты административдик ишти аткаруу көндүмдөр;
- Компьютерди (MS Office) жакшы билүү;
- Жазуу жана оозеки котормо көндүмдөрү: орус-кыргыз-англис тилдерине;
- Мыкты өз ара баарлашуу жана аналитикалык көндүмдөрү болуу;
- Өзүн алып жүрүү, натыйжалуулук, уюшумдуу, демилгелүү болуу.
Анкета жана резюмени 2021-жыл 3-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0167
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.