ВИДЕО — А.БАРЫКТАБАСОВ: «КИЙИНКИ МУУНДАРГА ЖАШЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫ МУРАСКА КАЛТЫРУУ – АР БИРИБИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ!»

ВИДЕО — А.БАРЫКТАБАСОВ: «КИЙИНКИ МУУНДАРГА ЖАШЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫ МУРАСКА КАЛТЫРУУ – АР БИРИБИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ!»

Жарыяланган: 21 May 2024

Урматтуу кесиптештер!

Табиятка аяр мамиле кылуу – “Кумтөр” ишканасынын эң башкы ураандарынын бири. Дал ошол максатта, сөзүбүздү иш менен далилдеп, урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровдун жалпы республикалык “Жашыл мурас” бак тигүү өнөктүгүн Кумтөр быйыл дагы кызуу колдоого алдык.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир канча жеринде Кумтөрдүн кызматкерлери тарабынан миңдеген көчөттөр отургузулду. Бүгүн дагы кереметтүү Каркыра жайлоосуна  Түп токой чарбасынын аймагындагы 300 гектар жерге Кумтөр тарабынан каржыланган  Тянь-шань карагайынын 152 300, кызыл карагайдын 116 700, кара карагайдын 34 400, кайыңдын 29 000 даана көчөттөрүн отургуздук. Баардыгы 332 400 даана көчөт тигилет.

Быйыл компаниябыз узак мөөнөттүү “Экосезим” деп аталган экологиялык ири акцияны баштады. Дал ушул “Жашыл мурас” өнөктүгүн  “Экосезим” акциясына айкалыштырып, Кумтөр ишканасы ар бир кыргызстандыктын экологиялык сезимин ойготууга чакырык таштадык.

Өндүрүштүк ишмердүүлүктөн келип чыккан экологиялык көйгөйлөр адамзат турмушуна чоң коркунуч туудуруп жатканы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы! Планетабыздын экосистемасы тездик менен өзгөрүп жатканына күн сайын күбө болуудабыз. Сел каптоо, жер көчкү, кургакчылык – мунун баары адамдын иш-аракеттеринин натыйжасы!

Учурда эл аралык коомчулук өндүрүштүн айлана чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга чечкиндүү аракеттерди көрө баштады. “Кумтөр Голд Компани” дагы четте карап турбастан, экологиялык долбоорлорду активдүү ишке ашырып келет.

Өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү – компаниябыздын экологиялык саясатынын эң маанилүү бөлүгү. Бул багытта 2022-жылы август айында Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводду ишке бердик. Жети-Өгүздүн Саруу айылында желим заттарды кайра иштетүүчү цехке колдоо көрсөттүк.

Мындан тышкары, жакынкы келечекте калдык сактоочу жайды кайра иштетүүнү пландап жатабыз. Кумтөр кен жайында желим баштыктарды колдонуудан толугу менен баш тарттык. Албетте, “Кумтөр Голд Компани” мындан ары да экологияны жакшыртууга үзгүлтүксүз өз салымын кошо берет.

Кийинки муундарга жашыл Кыргызстанды мураска калтыруу – ар бирибиздин милдетибиз!

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти
А.Барыктабасов