2020-ЖЫЛДЫН IV ЧЕЙРЕГИНИН ЖАНА ЖАЛПЫ 2020-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

2020-ЖЫЛДЫН IV ЧЕЙРЕГИНИН ЖАНА ЖАЛПЫ 2020-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Жарыяланган: 12 March 2021

Негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктар

2020-жылы «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампадагы запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 556 136 унция1 же 17 297,76 кг түздү. Салыштыруу үчүн: 2019-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 600 201 унцияны же 18 668,35 кг түзгөн.  Алтынды өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде фабрикага 81,4% ылгоо көлөмүндөгү 3,27 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,69 г/т жана 83,5%ды түзгөн.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 90 4024 унция, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 148 523 унцияны түзгөн. Алтынды өндүрүүнүн көлөмүндөгү көрсөтүлгөн төмөндөө фабрикага жеткирилген кампа рудасындагы алтындын орточо төмөн курамы менен, ошондой эле рудадан металлды ылгоо коэффициентинин төмөндөгөнүнө байланыштуу. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде кен фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 74,2% алтын ылгоо көлөмүндөгү 2,11 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,79 г/т жана 85,3% түзгөн.

2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 14,5 миллиард сом которулду.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндөгү 2009-жылдын 6-июнундагы Кайрадан каралып чыккан макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

COVID-19га байланыштуу кырдаал

“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай, компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын  айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. АЫФ боюнча айта турган болсок, ал жыл бою толук кубаттуулукта иштеди.

Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнө байланыштуу кырдаал

2020-жылдын июль айында лысый суу өрөөнүн бош тек үймөктөрүн жайгаштыруу үчүн орун катары андан ары пайдаланууга уруксат алды. Жакынкы эки жылда Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгү № 20 иш зонасына жакындыгынан улам кендин негизги үймөгү болот. Лысый суу өрөөнүндөгү бош текти жайгаштыруунун жаңы планы боюнча бош тек алгач өрөөндүн этегине жайгаштырылат жана бош тек өрөөндүн жантайышы боюнча жайгашып, бул алгачкы мезгилдерде бош текти ташуунун каттамын бир кыйла узартат.

2021-жылга “Кумтөр” кени боюнча техникалык отчет жөнүндө

2021-жылдын февралында Компания тарабынан 2020-жылдын 1-июлунда түзүлгөн (2021-жылга “Кумтөр” кенинин техникалык отчету) чыкты, анда кенди пайдалануу мөөнөтү 2031-жылга чейин узартылат, ал эми алтындын запасы 107% (1) га рудада 6,3 млн унция алтынга чейин жогорулады (73,3 млн тонна алтындын орточо курамында 2,66 г/т бир унцияга 1350 АКШ доллары эсебинен) жогорулады.

“Кумтөр” кенинин 2021-жылга техникалоык отчету 2015-жылдагы Техникалык отчеттун түзөтүүсүн камтыйт, анын ичинде акыркы жылдары жүргүзүлгөн бургулоо мейкиндигинин кеңейишине байланыштуу созулушу боюнча кеңири бургулоо иштеринин негизинде кайра каралган минералдык запастардын моделин камтыйт. “Кумтөр” кенинин 2021-жылга техникалык отчетунда алтындын баасына карата мурунку болжолдор, борттордун жантайма бурчтары, капиталдык сарптоолордун жана операциялык чыгымдардын өлчөмү, ошондой эле металлдын өндүрүштү өркүндөтүүнүн натыйжасында АЫФ чыгуусу кайра каралды. Ушул түзөтүүлөрдүн жыйынтыгында отчетте минералдык ресурстар жана запастардын көлөмү боюнча жаңыртылган маалыматтар берилди. Көрсөтүлгөн техникалык отчет National Instrument 43-101 «Тоо-кен долбоору боюнча маалыматтарды жайгаштыруу стандарттары» (“NI 43-101”) жана SEDAR издөө системасында жайгаштырылган.

  1. 2019-жылдын 31-декабрына карата запастардын көлөмү жөнүндө билдирүүдө запастардын көбөйүүсү 2020-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген “Кумтөр” кенинин жаңы Техникалык отчетун салыштыруу жолу менен өндүрүлгөн (2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилде запастардын түгөнүүсү боюнча маалыматтар аз).

  1. Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
  2. Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
  3. Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
  4. Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2020-жылдын 4-ноябрындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
  5. Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2021-жылдын 24-февралындагы пресс-релизине негизделген.
  6. Металлургиялык ылгап алуулар өндүрүлгөн алтынга эмес ылгап алынган алтынга негизделген.
  7. Капиталдык жумшоолор жөнүндө маалыматтар акчалай түрдө келтирилген.
  8. Өндүрүштү модернизациялоого тиешеси жок капиталдык жумшоолор, кендин таза келтирилген баасын жогорулатууну камсыз кылууга арналган өзүнчө долбоорлор менен байланышкан. Быйылкы жылы мындай капиталдык жумшоолор №20 иш участогу менен байланышкан кошумча чыгымдарды өзүнө камтыган.

Өндүрүштүк ишмердик

2020-жылы Кумтөр №19 иш участогунда тоо иштерин аяктап, №20 иш зонасында кыртыш ачуу жана музду башка жакка жайгаштыруу иштери улантылды. Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 103,7 млн тоннаны түздү, бул 2019-жылдын ошол эле мезгилинде 156,4 млн тоннаны түзгөн.  Көрсөтүлгөн кыскаруу  2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын сентябрь айынын ортосуна чейин Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнүн Борбордук өрөөнгө көчүрүлгөнүнөн улам жайгашкан жери өзгөргөндүгүнө байланыштуу ташуулардын каттамы узарганына, ошондой эле жумушчу күчтөрдүн санынын кыскарган себеби боюнча техникаларды пайдалануу коэффициентинин төмөндөшүнө (негизгиси КОВИД-19 пандемиясына) байланыштуу.  2020-жылы ылгап алынган 103,7 млн тоннанын ичинен 101,6 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде Кумтөр № 20 иш зонасында тоо иштерин улантты. Төртүнчү чейректе иштин жалпы көлөмү 42,7  млн тоннаны түздү. Салыштыруу үчүн: бул 2019-жылдын ошол эле мезгилинде 28,6 млн тоннаны түзгөн.  Көлөмдүн мындай көбөйүүсү 2019-жылдын декабрь айындагы Лысый өрөөнүндөгү кырсыктан улам тоо иштеринин токтоп калганына байланыштуу. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде ылгап алынган 42,7 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.

Алтын өндүрүүнүн өздүк наркы 2020-жылы алтындын бир унциясы 342 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы бир унциясына 381 долларды түзгөн эле. Өздүк наркынын төмөндөшү негизинен рудадагы алтындын төмөндөшү жана андан алынчу алтындын пайыздык өлчөмүнүн азайганынан улам руданын фабрикалык кайра иштетүүсүнүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн өздүк наркы унциясына 439 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы унциясына 363 долларды түзгөн эле. Өздүк нарктын өсүшү негизинен металлды сатуунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар

2020-жылдын тоннага кайра эсептегенде 1,52 долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2019-жылдын төртүнчү  чейрегинде 1,26 долларды түзгөн. Кымбаттоо ылгап алынган кыртыш көлөмүнүн аздыгына жана ташуу каттамынын узарышына байланыштуу болгон. Тоо иштеринин өздүк наркынын өсүшү биринчи кезекте тоо иштеринин көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу, бирок дизель майына тарифтердин төмөндөшү жана алмашуучу валюталык курстун жакшы динамикасы менен аз-аздап компенсацияланды.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар тоннасына 1,23 долларды түздү, өткөн жылдын ушул эле чейрегинде ал тоннасына 1,50 долларды түзгөн. Азаюу ылгап алынган кыртыштын көлөмүнүн көбөйүшү жана дизель майына тарифтердин төмөндөшүнө байланыштуу болгон. 52,4 млн долларды түзгөн тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын жалпы суммасынан, 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде 48,1 млн доллар капиталдаштырылды. Салыштыруу үчүн: 2019-жылдын ушул эле төртүнчү  чейрегинде цифра 42,8 млн долларды түзүп, алардын ичинен 28,2 млн доллар капиталдаштырылды.

Фабрикалык жумшоолорго чыгымдар (сырьенун тоннасына эсептегенде)

2020-жылы фабрикалык жумшоолорго чыгымдар тоннасына 10,97 долларды түздү, 2019-жылы бул көрсөткүч 12.00 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө сырьену кайра иштетүү көлөмүнүн жогорулашына жана COVID-19 пандемиясынын шартында техникалык тейлөө боюнча иштердин кыскарганына байланыштуу чыгымдардын азайганынан улам болду.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде фабрикалык жумшоолорго чыгымдар тоннасына 10,87 долларды түздү, 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде бул көрсөткүч 13.48 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө сырьену кайра иштетүү көлөмүнүн жогорулашына жана техникалык тейлөө боюнча иштердин кыскарганына байланыштуу чыгымдардын азайганынан улам болду.

Өндүрүштү модернизациялоого жыйынды жана жалпы жумшоолор4

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор  сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылы 741 долларды түздү, 2019-жылы 598 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен сатылган продукциянын көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулашына, тоо иштеринин көлөмүн кеңейтүү максатында он бир жүк ташуучу унааларды сатып алуу көлөмүнүн кыскарышына, ошондой эле Стратегиялык макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасындагы бир катар аймактык фонддорго чегерүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон. Жыйынды чыгымдардын мындай көбөйүүсү  көпчүлүк учурда өндүрүштүн өздүк наркынын төмөндөшү менен теңделген.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дүң киреше салыгын кошкондо бир унцияга 1 042 доллар болду, өткөн жылы бул унциясына 838 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кымбаттоо кошумча өндүрүмдүн негизинде өндүрүштү модернизациялоого жыйынды чыгымдардын көбөйүшүнө, ошондой эле алтынга болгон баанын өсүшүнө байланыштуу дүң киреше салыгынын компания тарабынан төлөөнүн жогорулашына байланыштуу болду.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор  сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылдын төртүнчү  чейрегинде унциясына  1 131 долларды түздү, 2019-жылдын төртүнчү  чейрегинде болсо бир унцияга 657 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен сатылган продукциянын көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулашына, негизги көңүл № 20 иш зонасындагы кыртыш ачуу иштерине бөлүнгөндүгүнө жана жүк ташуучу унаалардын паркын модификациялоо жана  кеңейтүүгө байланышкан. Мындай көбөйүү  өндүрүштүн өздүк наркынын төмөндөшү менен теңделген.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде бир унцияга 1545 долларды түздү, 2019-жылы ушул эле чейректе унцияга 916 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кымбаттоо кошумча өндүрүмдүн негизинде өндүрүштү модернизациялоого жыйынды чыгымдардын көбөйүшүнө, тоо иштеринин көлөмүнүн көбөйүп жаткан муктаждыгын канааттандыруудан улам болду.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн төлөмдөр

Кыргыз республикасынын аймагында 2020-жылы жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн (салык, аффинаж ччыгымдары, жергиликтүү жабдуучуларга төлөмдөр, инфраструктураны колдоо, кайрымдуулук ж.б.) суммасы 344 680 млн АКШ долларынан ашты2. Ошентип, Кыргыз Республикасынын аймагында  1994-2020-жж. Мезгилинде жүргүзүлгөн чегерүүлөр, 4,48 млрд АКШ долларынан ашты.

Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирлер

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча,

  • Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын ИДПсына 2020-жылы болгон үлүшү 12,5%;
  • Кумтөрдүн КР өнөр жай продукцияларынын көлөмүндөгү үлүшү      3%.

 Комментарий          

“Центерранын” Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри төмөнкүлөрдү белгиледи: «Кумтөр» үчүн бул дагы ийгиликтүү жылдардын бири болуп, анда ал пландуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулата алды. Ошентип, алтын өндүрүшүнүн көлөмү 556 136 унцияны түздү жана муну менен негизги фонддорду колдоого жалпы жумшоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде аралык өндүрүмдүн негизинде 741 долларды түздү, тактап айтканда, алар негизги фонддорду колдоого жалпы чыгымдар үчүн белгиленген төмөнкү чектен дагы аз.

Бир жыл ичинде Компания өз карызын толук жаап, жылды карызсыз аяктады, муну менен накталай акча  545,2 млн долларды түздү. 2021-жылдын  январь айында биз “Гринстоун Голд Майнз Партнершип” компаниядагы акциялардын 50%ын саттык, муну менен 210 млн доллар накталай акча түрүндөгү пайда таптык (бардык тиешелүү салыктарды жана төлөмдөрдү кошо) жана өз балансыбызды дагы да бекемдедик.

2021-жылдын 24-февралында SEDAR издөө системасы аркылуу “Кумтөр” кенин пайдалануу мөөнөтүн чагылдырган “Кумтөр” кенинин жаңыртылган Техникалык отчету жайгаштырылган. Кенди пайдалануунун жаңы планы болгон карьердик запастарга таянат жана ушул план боюнча “Кумтөр” кенинин ишинин мөөнөтү дагы 5 жылга узартылды. Жалпысынан кендин иштөө мөөнөтү, жаңы план боюнча 11 жылга белгиленген, ал эми сырьену фабрикалык кайра иштеп чыгуу ал жакта 2031-жылга чейин улантылат. Ушул жаңы планга ылайык, 2022-жылдан баштап, кен беш жылдын ичинде жылына орточо 590 000 унция алтын ишенимдүү өндүрөт, муну менен кошумча продукттун негизинде өндүрүштү жаңылоого жалпы чыгымдар сатылган продукциянын унциясына 828 доллар өлчөмүндө орточо белгиленген”.

Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан “Кумтөр” кени  Борбор Азиядагы батыш алтын казуучу компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кенин казуучу ишканалардын бири болуп эсептелет. Ал 1997-жылдан бери иштейт жана 2020-жылдын 31-декабрына карата  13,2 млн унция алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» «Кумтөр» долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу.

«Центерра Голд Инк.» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кен өндүрүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар, жана үчүнчү болуп Түркияда Өксүт кени. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2021-жылдын 12-мартына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 772 млн долларга бааланды.

 «Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын төртүнчү чейрегинин жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com  SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

________________________________________________________________________________

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

– Билдирүүнүн аягы –