«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ
Жарыяланган: 18 October 2022
«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ
Кырсыктан сактоо кызматынын командиринин орун басары (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-209
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- КСКнын өздүк курамынын карамагындагы байланыш каражаттарынын, жабдуулар менен шаймандардын, атайын каражаттардын абалын, сакталышын, колдонулушун көзөмөлгө алуу;
- Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө жана өрттү өчүрүүдө адамдарга жардам көрсөтүү методдорун жана ыкмаларын мыктылоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- Атайын техниканы, куткаруучу жабдууларды, шаймандарды жана өрт өчүрүүчү-техникалык курал-жарактарды тиешелүү даярдыкта сактоо жана алардын техникалык абалын текшерүү;
- Авария, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана өрт өчүрүү жерлерине чыгуу;
- Авариялык-куткаруу, өрттү өчүрүү иштеринин жүрүшүндө иштерди камсыз кылуу, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартуу үчүн кырдаалды баалоо;
- Куткаруу кызматынын күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгууга жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайыма даярдыкта кармоо;
- Кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүү;
- Иш-чаралардын планын, ишканадагы авариялык-куткаруу иштеринин графигин иштеп чыгуу.
- Команда менен машыгууларды жана практикалык көнүгүүлөрдү уюштуруу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку (атайын орто) билими же авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн жана сертификаты бар куткаруучу статусуна ээ болуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кырсыктан сактоо кызматынын ишине байланыштуу, өрт өчүрүүчү жана өрт сигнализациясынын түзүлүштөрүнө тиешелүү ченемдик документтерди, ошондой эле долбоорлоо нормаларын жана эрежелерин билүү;
- В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
- Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборлорунда иш тажрыйбасы болуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин системасында иш тажрыйбасы болуу артыкчылыкка ээ;
- Ишти өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, кунт болуу, стресске туруктуу жана баарлашуу жөндөмү болуу.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 01-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-209
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.