МИНЕРАЛДЫК РЕСУРСТАР БОЮНЧА УЛУК ГЕОЛОГ (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 14 October 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Минералдык ресурстар боюнча улук геолог (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-244
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Кен жайдын ресурстук моделдөөсү;
- Баштапкы маалымат базасын текшерүү;
- Геологиялык документацияны жакшыртуу боюнча кеңеш берүү;
- Каркастык жана блоктук моделдерди түзүү;
- Сыноо маалыматтарынын статистикалык жана геостатисттик талдоо;
- Курамды интерполяциялоо үчүн оптималдуу параметрлерди тандоо;
- Минералдык ресурстарды баалоонун ишеничтүүлүгүн текшерүү;
- Чалгындоо жана эксплуатациялоо маалыматтарын салыштыруу;
- Ресурстук геология боюнча тышкы консультанттар менен өз ара иштешүү (анын ичинде МЗК эксперттери да бар).
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку геологиялык билими;
- Бул тармакта 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Datamine, Surpak, Lipfrog сыяктуу адистештирилген геологиялык программалык продуктулар менет иштөө тажрыйба;
- Статистика жана геостатистиканы талдоо боюнча жалпы билими;
- Илимий-техникалык отчетторду жүргүзүү тажрыйбасы;
- Англис тилин билүү жана чет элдик консультанттар менен баарлашуу тажрыйбасы талап кылынат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 30-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-244
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.