САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА АДИС (ПРОВИЗОР)
Жарыяланган: 10 October 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Сатып алуулар боюнча адис (провизор)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-247
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Дары-дармектерди, медициналык буюмдарды, медициналык жабдууларды сатып алуу;
- Дары-дармек каражаттарынын кыймылын эсепке алуу (чыгаша, киреше);
- Жарамдуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө;
- Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн сатылып алынган товарлардын баа анализин жана базар талдоосун жүргүзүү;
- Жеткирип берүүчүлөрдү издөө, жеткирип берүүчүлөрдүн сунуштарын изилдөө, чыгашаларды оптималдаштырууга жана / же өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн орундуу сунуштарды даярдоо;
- Келип түшкөн билдирмелерли талдоо жана иштетүү;
- Сатып алуу табыштамаларын түзүү, жайгаштыруу, экспедициялоо;
- Жеткирип берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кооптуу товарларды ташуу режимдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жеткирүү шарттарын макулдашуу;
- Жеткирип берүүчүлөрдүн ишине керектүү тапшырыктарды түзүү, заказдардын техникалык талаптарына ылайык убагында аткарылышын байкоо;
- Бүтүмдөрдү документациялоо;
- Келишимдерди даярдоо, макулдашуу, сатып алуу табыштамаларын жана башка документтерди макулдашуу жана даярдоо, ошондой эле документтерди архивдөө.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку же атайын-орто медициналык, фармацевтикалык билим (провизор, фармацевт);
- 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Компьютердик программаларды билүү: Office, Outlook, 1С;
- Жогорку аналитикалык көндүмдөр, көп милдеттерди аткаруу режиминде көп өлчөмдөгү маалымат менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
- Мыкты командалык жана баарлашуу көндүмдөрү болуу, тыкан, эмгекчил жана стресске туруктуу болуу;
- Англис, орус, кыргыз тилдерин билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 21-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-247.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.