ТАРМАК АДМИНИСТРАТОРУ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)
Жарыяланган: 09 November 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт – Тармак администратору (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-254
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Маалымат системалар тармактарынын жана инфраструктуралык кызматтардын МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына шайкештик даражасын талдоо;
- Байланыш каналдар жана маалымат системаларынын тармактарынын салыштырма анализи жана тандоо;
- Тармактык түзүлүштөрдү (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN) орнотуу, конфигурациялоо жана иштетүү боюнча иштерди пландаштыруу;
- Тармакты модернизациялоо боюнча кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу;
- Тармактык жабдуулардын кам тетиктеринин жана түзүлүштөрүнүн комплектерин түзүү (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN);
- Жабдууларды жана тармактык түзүлүштөрдүн операциялык системаларынын параметрлерин инвентаризациялоо;
- Тармактык жабдуулар (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN) иштен чыккан жана бузулган учурда системанын иштешин калыбына келтирүүгө катышуу;
- СКС, ВОЛС, ЛВС системаларын долбоорлоого жана техникалык тапшырмаларын даярдоого катышуу;
- Подряддык уюмдардын иштерин коштоо, уюштуруу, сапатын көзөмөлдөө;
- Болгон СКС, ВОЛС, ЛВС инфраструктурасын инспекциялоо жана талдоо;
- СКС, ВОЛС, ЛВС инфраструктурасынын ички стандарттарын иштеп чыгуу;
- СКС тармагынын элементтеринин параметрлери жана ишенимдүүлүгү регламентине ылайык техникалык кароону жана контролду жүргүзүү, бузулууларды өз убагында аныктоо жана аларды мүмкүн болушунча тез арада четтетүү максатында пландык тейлөөнү жүргүзүү;
- СКС, ВОЛС монтаждоо иштери боюнча аткаруу документтерин даярдоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/ телекоммуникация жана байланыш тармактар жаатында жогорку техникалык билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Билимдери:
- ISO/IEC — 11801-2002 стандарттары же аналогдору;
- байланыш стандарттарын, ISO/TIA структураланган кабелдик системаларын, OSI/ISO, LAN/WAN/GAN тармактык моделин колдонуу тажрыйбасы;
- Ethernet тармактарын уюштуруу;
- TCP/IP, gRPC, Wi-Fi (IEEE 802.11x), IMP протоколдору;
- OSPF, RIP, BGP, EIGRP маршрутизация протоколдору;
- тармак жабдууларынын ырастоолору (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN);
- жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- байланыш системаларынын, маалымат система тармактарынын архитектуралык аудитин уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болуу;
- булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
- ITSM системалары менен иштөө тажрыйбасы (өзгөрүүлөрдү башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB);
Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-254
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.