ӨНДҮРҮШТҮК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 March 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Өндүрүштүк эсеп жана финансылык отчеттуулук бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Экономикалык жогорку билим;
- Microsoft Office колдонуу боюнча негизги билим;
- Коммуникабелдүүлүк жана командада иштей билүү;
- Финансы бөлүмүндө иштөөдө жаңы билим жана тажрыйба алууга умтулуу.
Милдеттери:
- Ай сайынкы проводкаларды жана мезгилдин чыгымдарын жапкандан кийин отчетторду ирээтөө;
- Активдештирилген жана жабылган долбоорлорду ирээттөө;
- Ар бир капиталдык долбоор боюнча баштапкы документтерди чогултуу жана ирээттөө;
- Мурунку жылдардагы документтерди архивдештирүү боюнча жардам көрсөтүү (жарыялоо, отчет, долбоорлор, эсептен чыгаруу);
- Текшерүүчү жана башка түзүмдөр үчүн баштапкы документтерди даярдоо;
- Долбоорду активдештирүү, жабуу жана активдерди эсептен чыгаруу процессине катышуу;
- Запастарды жана негизги каражаттарды инвентаризациялоого катышуу;
- Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк тапшырмаларды аткарууга жардам берүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 2-апрели, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.