КЕН ИШКАНАСЫНЫН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 12 February 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Кен ишканасынын администрация бөлүмүнө (коомдук тамактануу кызматы) тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кулинария жаатында жогорку же орто-кесиптик билим;
- Шыктуу социалдык көндүмдөр, командада иштей билүү;
- Кесиптик жактан өсүүгө жана жаңы билим алууга умтулуу;
- Вахталык усул менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарактуулугу.
Милдеттер:
- Тамак үчүн жашылчаларды жана башка ингредиенттерди даярдоого жана кесүүгө жардам берүү;
- Ашкана жумушчуларына жана ашпозчуларга жардам берүү;
- Эт азыктарын кескичтин ишине катышуу;
- Идиштерди жана ашкана инвентарын, анын ичинде конвеердүү идиш жуучу машинаны иштетүүнү (фарфор жана айнек идиштерди коюу жана кабыл алуу) билүү;
- Тазалоого, жуушка жана беттерди, жумушчу столдорду, дубалдарды, шыптарды, ашкана жабдууларын тазалоого көмөктөшүү;
- Өндүрүштүк жайларды дезинфекциялоого жана санитардык тазалоого катышуу;
- Ашкана кызматкерлерине беттерди, столдорду, дубалдарды, шыптарды, ашкана жабдууларын тазалоого, жуушка жардам берүү;
- Өндүрүштүк жайларды дезинфекциялоого жана санитардык тазалоого катышуу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду –Кумтор кен ишканасы
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 26-февраля 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.