КАЗЫНАЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУНУ ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 18 July 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.07.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Казыналык жана салык салууну финансыны башкаруу бөлүмү эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Бухгалтердик эсеп; финансылык; экономикалык багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- MS Office программасын жогорку деңгээлде билүү;
- Аналитикалык жөндөмдөр, чоң маалымат массивдери менен иштөө көндүмдөрү;
- Коммуникабелдүү болуу;
- Командада иштей билүү;
- САР сертификаттардын болушу, advanced Excel, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
Милдеттер:
- Баштапкы документтер менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, реестрлерди системалаштыруу жана түзүү;
- Текшерүүчү органдардын суроо-талаптары менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, берилген документтер боюнча отчет берүү;
- Таблицаларды толтуруу жана финансылык маалыматтарды талдоо, аткарылган сурамдардын, каттардын абалын көзөмөлдөө, кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтарды макулдашуу;
- Салык жана статистикалык отчетторду даярдоодо көмөк көрсөтүү;
- Казына жана салык бөлүмүнүн ишине тиешелүү башка милдеттер.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жыл 31-июль саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.