КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ЭНЕРГИЯ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ТУТУМУНУН КОМПОНЕНТТЕРИН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ЭНЕРГИЯ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ТУТУМУНУН КОМПОНЕНТТЕРИН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 12 March 2025

БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН АКЫРКЫ КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 27-марты, саат 12:00.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК күн электр станциясынын негизинде энергия менен камсыздоо тутумунун компоненттерин жеткирүү үчүн ачык тандоого катышууга чакырат.


Сунуштарды берүү шарттары:

1. Сунуштарды берүү форматы:

Сунуштар, анын ичинде документтер, тиркемелер жана баа сунуштары, коммерциялык сунуштар менен келишимдерге кол коюуга укуктуу болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөрлөнүп, PDF форматында берилүүгө тийиш. Кол коюучунун укуктары ыйгарым укук берилгендик тууралуу ишеним кат менен же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

2. Сунуштарды берүү тартиби:

Конкурска катышуучулар техникалык тапшырмага ылайык коммерциялык сунушту жана керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек. Сунуштар 2 (эки) өзүнчө электрондук кат менен берилет:

1-Кат. Техникалык (квалификациялык) бөлүк:

Төмөнкү документтерди камтышы керек жана төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: powersupply2025@kumtor.kg

  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
  • Компания тууралуу толук маалымат:
    • зарыл уруксаттар, лицензиялар, сертификаттар;
    • акыркы 3 жылдагы окшош долбоорлор боюнча референс баракчалары, сунуштар, пикирлер;
  • Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн скан- көчүрмөсү;
  • Негизги ишкердик түрүн аныктаган документтин (Устав) скан- көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи болуп дайындалган чечимдин скан-көчүрмөсү;
  • 2023–2024-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун (бухгалтердик баланс жана тиркемелер же БСД) скан- көчүрмөсү;
  • Акыркы отчеттук мезгилге мамлекеттик органдарына салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкат;
  • Акыркы 5 жылда сот процесстерине катышуу тууралуу маалымат, документтин скан-көчүрмөсү;
  • Катышуучу ошондой эле буйрутмачынын талаптарына ылайык толтурууга же даярдоого тийиш болгон башка документтерди да берет. Бул документтер тандоо процесси учурунда же анын аяктагандан кийин жеңүүчү менен иштешүү учурунда суралышы мүмкүн.

2-Кат. Финансылык бөлүк:

Аны ошол эле дарекке өзүнчө кат менен жеткирүүнүн мөөнөтүн жана төлөмдөрдүн шарттарын жөнөтүш керек.

  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка расмий бланкта коммерциялык сунуш, жеткирүү мөөнөтү, төлөм шарттары менен.

Коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баа бардык чыгымдарды, анын ичинде салыкты, бажы алымдарын, төлөмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү камтышы керек.

Тандоо боюнча катышуучу баа жана квалификациялык сунушту бөлүп бериши керек, ал эми Баа сунушу сырсөз менен архивге жайгаштырылышы керек. Сыр сөз
2025-жылдын 27-март күнү саат 12:30дан кийин гана берилүүсү тийиш.

Баалоо критерийлери:

Жеңүүчү катары бардык талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган сунуш тандалат.

3. Конкурс шарттары:

  • Сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 27-март күнү, саат 12:00.

Тандоонун Катышуучулары тарабынан биринчи жана экинчи пакеттин көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар жана / же арыздар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунуш берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарына толук макул экендигин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун бере алат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу жана катышуучуларга эч кандай милдеттенме албайт.

Документтерди төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

 

Кошумча:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА