ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 07 September 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Из кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Филологиялык, лингвистикалык жогорку билим;
- Кыргыз, орус жана англис тилин билүү;
- Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
- Иш кагаздары менен иштөөнүн негиздерин билүү;
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү.
Милдеттери:
- Коопсуздук техникасын сактоо;
- Купуя маалыматты жайылтпоо;
- Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү;
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн котормочуларынын жетекчилиги астында жазуу жана оозеки которууга көмөк көрсөтүү;
- Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
- КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
- Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 21-сентябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.