ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 08 January 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.01.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Маркшейдер», «Тоо-кен иштерин ачык ыкма менен иштетүү», «Тоо-кен иштеринин физикалык процесстери», «Кен байлыктарды жер астында иштетүү», «Гидрогеология», «Кен байлыктардын геологиясы» адистиги боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office жана AutoCAD программаларын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот;
  • Жаңы нерселерди үйрөнүүгө демилге жана каалоо;
  • Натыйжалуулук, тартип жана стресске туруктуулук;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык формада жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.

Милдеттери:

  • Геодезиялык аспаптарды, инструменттерди жана аларды колдонууну өздөштүрүү жана үйрөнүү;
  • Коопсуз маркшейдердик съемкаларды жүргүзүү жана геодезиялык аспаптарды колдонуу менен картага түшүрүү;
  • Карьердин бортторуна байкоочу пункттарды орнотуу жана съемка жүргүзүү, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу;
  • Жардыргыч заттар жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр менен таанышуу.
  • Кендин геологдорунун жана гидрогеологдорунун иштери менен таанышуу;
  • Инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери, долбоордук инженерлердин иштери менен таанышуу;
  • Документтер менен иштөө.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 22-январь, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.