ИНЖЕНЕРДИК–ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 15 April 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Инженердик – геологиялык бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун «Маркшейдердик иш», «Кенди ачык казып алуу», «Пайдалуу кендерди жер астында казып иштетүү», « Кен казып алуунун физикалык процесстери»; «Минералдык ресурстардын геологиясы», «Гидрогеология». багыттарынын бири боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.
Милдеттер:
- Студенттер инструменттерди, аспаптарды жана алардын колдонулушун өздөштүрүшү жана изилдеши керек болот;
- Өндүрүш процесстерин изилдөө боюнча маалымат базасын жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча жалпы түшүнүктөр;
- Геодезиялык аспаптарды колдонуу менен коопсуз маркшейдерлик съемкаларды жүргүзүү жана түшүрүү;
- Жардыргыч заттар жөнүндө жалпы түшүнүктөр менен таанышуу.
- Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шламдын үлгүлөрүн алуу методологиясын изилдөө, рудалык денелерди маркировкалоо жана сактоо;
- Карьердин капталдарына байкоочу пункттарды орнотуу жана маркшейдерлөө, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана изилдөө боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу.
Практиканын шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика
- Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
- Өтүүчү жери – Кумтөр кени
- Графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30-апрелинде 16:00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.