ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялар бөлүмүндө (Системалык администрлөө) үч айлык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Маалымат технологиялар” (Системалык администрлөө) багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейиннки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Бир эле учурда бир нече ар түрдүү тапшырмаларды чечүү жана алардын ортосунда тез которулуу жөндөмү;
  • Стресске туруктуулук – иштин олуттуу көлөмүн аткара билүү, жетекчилик жана колдонуучулар менен баарлашуу;
  • Техникалык ой жүгүртүү, инженердик системалык ой жүгүртүү жөндөмү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Издөө системаларын туура колдонуу көндүмдөрү – туура суроо-талаптарды так жана тез түзө билүү;
  • Серверди, компьютерди жана перифериялык программалык жабдууларды тейлөө жана конфигурациялоо боюнча негизги функциялар менен алектенүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 3 ай
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.