ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Долбоордук бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- Жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү)
- Компьютерде жана MS Office программасында иштей билүү;
- Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
- Иш сапарларга мүмкүн болушунча даяр болуу;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
- Бизнес жана расмий кат алмашууларды жүргүзө билүү;
Милдеттер:
- Долбоорду ишке ашыруу графигин түзүү;
- Долбоорду ишке ашыруу планын түзүү;
- Бөлүмдүн отчетторун түзүү;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаары
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.