ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын өндүрүштүк бөлүмүндө (АЫФ ӨБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • Инженер-металлург“, “байытуучу“, “тоо-кен инженери” багыттарынын биринде жогорку билимге ээ более (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Жалпы коопсуздук техника эрежелерин сактоо;
  • Фабриканын өндүрүштүк процессинде колдонулган ар бир реагенттин максатын аныктоо;
  • “Жумуш ордунда колдонулган материалдардын кооптуулугу жөнүндө маалымат системасын” (W.H.M.I.S.) билүү;
  • Фабриканын жана лабораториянын технологиялык процессинде колдонулган материалдардын жана реагенттердин бардык түрлөрү туудурушу мүмкүн коркунучтарды билүү, жана материалдар жана реагенттер менен коопсуз иштөө боюнча бардык нускамалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
  • Компания тарабынан каралган окууларды өтүү;
  • КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.