ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Балыкчы өткөөл базасынын камсыздоо бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Логистика ” , “Материалдык-техникалык камсыздоо”, “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Microsoft Office жана компьютерде мыкты иштей билүү.
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды билүү;

Милдеттер:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Кампа операцияларды, сакталган товардык-материалдык баалуулуктар боюнча керектүү документтерди эсепке алууну уюштуруу;
  • Кампа чарбасын башкарууну, жүктөө жана түшүрүү иштерин уюштуруу жана технологиясы;
  • БӨБгө келген жүктөрдү кабыл алуу, жеткирүүчүдөн тиешелүү документтерди алуу жана өз убагында жана сапаттуу жүк түшүрүү иштерин камсыз кылуу;
  • Инвентарды жана запастык бөлүктөрдү кабыл алуу, берүү жана жайгаштыруу;
  • Жүктү жөнөтүү үчүн коштоочу документтерди тариздөө.
  • Архив менен иштөө, документтерди издөө;
  • Химиялык заттарды, материалдарды, запастык бөлүктөрдү жана инвентарларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан накладнаяларды, кабыл алуу актыларын, квитанцияларды, күнүмдүк отчетторду жана башка документтерди түзүү;
  • Системага заказдарды киргизүү;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Балыкчы
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.