ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 02 June 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ТОО–КЕН ӨНДҮРҮШТҮК бөлүмгө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Ачык кен казуу иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютер жана MS Office, AutoCAD менен иштей билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Жардыруу иштерин жүргүзгɵндɵ жалпы коопсуздук талаптары менен таанышуу;
- Жардыруу жабдуулары, жардыруучу заттардын сапаттары менен даярдоо технологиясын окуу;
- Жардыргыч техникасы жана скважиналарды заряддоо технологиясы менен таанышуу;
- Жардыруу тармагын монтаждоодо кɵмɵктɵшүү;
- Жардыруу сважиналарын долбордоо;
- Эсептерди жүргүзүү, жардыруу иштеринин паспорту менен долбоорлорун түзүү;
- Ар кандай технологиялар жана системалар менен таанышуу.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.