ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Юридикалык бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- Жогорку юридикалык билим (2016-жылдан 2021-жылга чейиннки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
Милдеттер:
- Ар түрдүү документтердин долбоорун даярдоо;
- Бөлүмдүн отчеттуулугун жүргүзүү;
- Бөлүмдүн архивин жүргүзүү;
- КГКга байланыштуу сот актыларынын даярдалышын жана өз убагында алынышын көзөмөлдөө;
- Юридикалык бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам берүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Учкун кеңсеси
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.