ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын стратегиялык өнүгүү жана пландоо (Запастык бөлүктөрдү инвентаризациялоо) бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Инженер-механик“ багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Англис тилин мыкты билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- АЫФтын запастык бөлүктөрү боюнча жазууларды жүргүзүү;
- Запастык бөлүктөрдүн бар болуусун текшерүү, комплектөөчү жана запастык бөлүктөрүн жеткирип берүү көйгөйлөрүн божомолдоо жана бул жөнүндө жетекчиликке билдирүү;
- Бөлүмдүн жетекчилиги менен макулдашып, запастык бөлүктөргө буюртма берүүгө көмөктөшүү;
- Өндүрүштүк жана эмгек тартибин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника, айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуш ордуларында өрт коопсуздугу эрежелерин сакталышын камсыздоо;
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
- КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;
- Жумуш функцияларына же аткарган ишине байланыштуу же тиешелүү милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.