ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Инфратүзүмдөр жана долбоорлор бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • «Өнөр жайлык жана жарандык курулуш», «Курулуш техникасы жана технологиялары» багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат ) ;
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Microsoft Office, AutoCAD, Microsoft Project программаларын ишеничтүү колдоно билүү;
  • Англис тилин билүү (кубатталат);
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Курулуш өндүрүшүнүн (жер иштерин, пайдубалдарды жана фундаменттерди даярдоо, металл конструкцияларынын монтажы, тосмо конструкцияларды орнотуу, чатыр жабуу иштери) ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү жана изилдөө;
  • Техникалык жабдууларды жана инженердик тармактарды орнотуу, имараттардын жана курулмалардын жана жабдуулардын пландык-тейлөө ремонт иштерин учурдагы кен ишкана шарттарында жүргүзүү;
  • Курулуш объектинде курулуш жабдууларын, инструменттерди жана түзмөктөрдү коопсуз иштетүүнүн негизги техникалык өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары менен таанышуу;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн: 

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.