ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялары бөлүмүндө (Долбоорлорду башкаруу офисинде -ДБО) алты айлык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • МТбагыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейиннки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • МT (ДБО) тармагында кесипкөй өнүгүүгө кызыгуу;
  • Баарлашуу көндүмдөрү, бизнес кат алмашуу көндүмдөрү болуу;
  • Аналитикалык жөндөмдүүлүк;
  • Көйгөйлүү аймактарды/долбоорлордун/программалардын тобокелдиктерин аныктоо, белгилөө жана консолидациялоо жөндөмдүүлүгү;
  • Проактивдүүлүк, тартиптүүлүк, эмгекчилдик;
  • Кызматкерлер тобу/команда менен иштөө тажрыйбасы (3 кызматкерден көп);
  • Документтерди тариздөө көндүмдөрү;
  • Төмөнкү программаларды билүү: MS Office, Vision, Project, Teams, Chrome;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • IT долбоорлору боюнча тышкы өнөктөштөр менен иш байланыштарды камсыз кылуу, уюштуруу жана жүргүзүү;
  • Долбоордук жана жумуш документтерди тариздөө жана даярдоо;
  • Бизнес-процесстеринин схемаларын визуалдык жана диаграммалык түрдө долбоорлоо;
  • Компаниянын бөлүмдөрүнүн бизнес колдонуучулары үчүн программалык продуктылардын презентациясын/демосун уюштуруу жана өткөрүү;
  • Жумушчу жолугушууларды жана чогулуштарды уюштуруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 6 ай
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.