ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялары бөлүмүндө алты айлык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Маалымат технологиялар” , “Программалык камсыздоону иштеп чыгуу” , “Колдонмо математика жана информатика” багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
- Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча ГОСТторду билүү, программалоо тилдерин жана фреймворкторду, SOA принциптерин билүү;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Учурдагы маалыматтык системаларды, долбоорлордун алкагында тиркемелерди интеграциялоо тапшырмаларын үйрөнүү.
- Отчеттуулук жана аналитиканы иштеп чыгуучулар (MS Power BI);
- IT бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам берүү.
- Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар: Front End (React, Angular);
- Back End (Java, Node.js,);
- Интеграцияны иштеп чыгуучулар (Java Spring Boot, Golang).
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 6 ай
- Такшалма өтүү жери – Бишкек
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.