ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- “Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу” же “Өндүрүштүк экология“ багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Чет тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- ПК, MS Office жана башка программаларды колдоно билүүсү кубатталат;
- Коммуникация түзүү жөндөмдөрү болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Экологиялык долбоорлорго катышуу;
- Пробаларды даярдоо жана көз карандысыз лабораторияларга жөнөтүү;
- Бөлүмдүн лабораториясында экспресс анализдерди жүргүзүү;
- Сууга, жер кыртышына, абага, флорага жана фаунага экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- Калдыктарды жөндөө программасына катышуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.