ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Электротехникалык бөлүмүнүн Инфратүзүмдөрдүн жана долбоорлордун техникалык тейлөө бөлүмүндө (ИД ТТ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • “Электроэнергетика” багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Электр орнотмолору менен иштөөгө күбөлүктүн жана 3-группадан кем эмес уруксаттын болушу керек;
  • “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өзүнө бекитилген жабдууларды, кубат жана жарыктандыруу тармактарын күн сайын текшерүү, жабдууларда аныкталган кемчиликтерди жана бузулууларды жоюу жана бул тууралу оперативдүү журналга жазуу киргизүү;
  • Иш тапшырмасына ылайык электр жана жарыктандыруу тармактарынын жабдууларынын аварияларын жоюу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү;
  • Тейлөөчү приборлордун жана жабдуулардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу;
  • Атайын трубопроводдордо кабель линияларын оңдоо, монтаждоо жана демонтаждоо, жез жана алюминий кабелдеринин ортосундагы муфталарды орнотуу;
  • Өзгөчө татаал, жооптуу жана экстремалдык электр машиналарын, электр аппараттарын жана электр приборлорун оңдоо, чогултуу жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.