ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 02 June 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ТОО–КЕН ӨНДҮРҮШТҮК БӨЛҮМДҮН ДИСПЕТЧЕРДИК КЫЗМАТЫНА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Тоо-кен иши» же «Маалымат системалары жана технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютер жана MS Office жана маалымат базасылары менен иштей билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- «Mine Sense» тоо-кен паркын башкаруу программасын үйрөнүү;
- Өндүрүмдүүлүк отчетторун көзөмөлдөө жана убагында анализдөө;
- Маалымат базасылары менен иштөө;
- «Mine Sense» программасын боюнча билимин жана жөндөмдөрүн тереӊдетүүгө арналган тапшырмалар менен көнүгүүлөрдү аткаруу.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек ш.
- Такшалма графиги – 14/14
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.